• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн мамипотека боюнча пайыздык ченди 7% чейин төмөндөтүшөт

Коом 0

Бишкек, 21.09.18 /Кабар/. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди 2018-жылдын күз айынан тарта 7 пайызга чейин төмөндөтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотека компаниясынын (МИК) төрагасы Бактыбек Шамкеев президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

«Азыркы күндө 8-10% менен суммасы 3,7 миллиард сомдук 3450 ипотекалык кредит берилген. 2018-жылдын күзүнөн баштап МИК бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн ипотекалык кредиттердин пайыздык ченин 7 пайызга чейин төмөндөткөнгө даяр», — деп билдирди компаниянын төрагасы.

Ошондой эле МИКтин төрагасы кийин сатып алуу үчүн ижарага берүү ыкмасы менен эконом-класстагы көп батирлүү үйлөрдүн курулушу тууралуу маалымат берди.

«Бул механизм алгачкы төлөмдү талап кылбайт жана пайыздык ченемди 6% чейин төмөндөтүүнү камтыйт. Азыркы учурда Нарын шаарында 5 кабаттуу 60 батирлүү эконом-класстагы үй жана Бишкек шаарындагы „Тунгуч“ кичирайонунда 9 кабаттуу 135 батирлүү үй курулууда», — деп белгиледи Бактыбек Шамкеев.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 2017-жылы ипотекалык кредиттөөнү ишке ашыруу үчүн бюджеттен 1,3 миллиард сом, 2018-жылы 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. 2019-жылы бул сумманы 2 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков социалдык багыттагы «Арзан турак жай» Программасын ишке ашырууда МИК жарандардын төлөө жөндөмдүүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий