• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Биздикилерди таарынтып коюптур”. Москвада кыргызстандыктарды териштирүүгө чакырган провокация жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Москвада кыргызстандыктарды көчөгө чыгып, массалык териштирүүгө чакырган провокациялар жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Аскат Алиев Facebook баракчасында билдирди.

Анын кайрылуусунда: “Урматтуу Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер! Сиздерге кайрылуубуздун себеби, акыркы күндөрү WhatsApp аркылуу ар кандай топтордон тез чогула калалы, башка улуттун балдары биздикилерди таарынтып коюптур жана башка ушул сыяктуу ар кандай билдирүүлөр тарап, ошол замат массалык түрдө чогула калган фактылар болуп жатат”, - деп айтылат.

Алиев билдиргендей, тилекке каршы мындай чогулуулардын арты жакшылык менен бүтпөй, трагедия менен аяктап, чогулгандар кылмыш жазасына тартылып калышы мүмкүн.

“Мындай учурда провокацияга алдыртпастан, мыйзам чегинен чыкпай полицияга же болбосо КР ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылууңуздар керек. Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт дегендей, саналуу мекендештердин мыйзам бузган терс көрүнүштөрү, миңдеген эмгектенип жүргөн жердештерибизге терс таасири тийерин унутпаңыздар”, - деп кайрылды жалпы мигранттарга Алиев.

Пикир

Оставить комментарий