• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Биздин аялдар ар кайсы чөйрөлөрдө иштеп, коомдук турмушка активдүү катышууда - Жапаров

Президент 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. "Биздин аялдар ар кайсы чөйрөлөрдө иштеп, коомдук турмушка активдүү катышууда", - деп билдирди президент Садыр Жапаров Айымдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада.

Мамлекет башчысы сөзүнүн башында катышуучуларды келе жаткан 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

"Жаз майрамы ызгаардуу кыштын узак, суук күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, адамзаттын көӊүлүн ачып, жаңыча жашоого дем берет. Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрдү, жеӊип чыкты. Азыр кайсы тармакта болбосун айымдардан чыккан лидерлер өзгөчө бөлүнүп көрүнүп турат", - деди Жапаров.

Президент кыз-келиндер медицина, билим берүү, бизнес, укук коргоо, бизнес тармактарын жандантып, өнүгүүгө өз салымын кошуп жаткандыгын айтты.

"Маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто эл аралык деңгээлдеги албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдарыбыздын калыӊ катары өсүп чыкты. Бүгүн биздин арабызда спорттун, саламаттык сактоо жана башка тармактардын белгилүү, өтө көрүнүктүү өкүлдөрү отурат. Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин мээнетиңер көп, эмгегиңерге баа жетпейт", - деди мамлекет башчысы.

Ал кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору баалангандыгын эске салды.

"“Манас” эпосунда, башка дастандарда элибиздин аялзатына болгон сый-урмат мамилеси таасын чагылдырылган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан. Бүгүн биздин аялдар ар кайсы чөйрөлөрдө иштеп, коомдук турмушка активдүү катышууда. Ошол эле учурда алар ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, кайдыгер болбой демилге көтөрүп, өлкөбүздөгү реформаларды колдоп, жаңы жетишкендиктерге умтулуу менен бирге, эң жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүп, өрнөктүү өмүр сүрүп жатышат", - деди Садыр Жапаров.

Президент дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөгөндүгүн билдирди.

"Биз аял- врачтардын, медайымдардын, волонтерлордун каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгегин эч качан унутпайбыз, алар бул күтүлбөй келген илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту. Өлкөдө болуп жаткан соңку өзгөрүүлөр , алдыбызга коюлган жаңылануу курсунун ишке ашырылышы кыргызстандык аялдардын түйшүгүн жеңилдетип, укугун андан ары коргойт деп ишенебиз.

Биз Сиздерди элибиздин нарктуу жана дөөлөттүү инсандары деп, Сиздер менен сыймыктанабыз.

Ушул жаркыраган Жаз майрамында Сиздерге бекем ден- соолук, бакты-таалай, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм! Сиздерди жакшылыктар жана ийгиликтер коштоп жүрө берсин", - деп президент өз сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий