• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Бизнести жүргүзүү" рейтингинин позициясын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга карата иш-чаралар Планы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мындай чечим 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 6.1-пунктун ишке ашыруу, атап айтканда эл аралык рейтингдерде позицияларды жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилген.

2018-2040 жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, Кыргызстан 2023-жылы “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүүгө тийиш.

Дүйнөлүк банктын акыркы маалыматтары боюнча, быйылкы жылы Кыргыз Республикасы “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча дүйнө жүзүнүн 190 өлкөсүнүн ичинен 70 орунда, тагыраагы өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 7 позицияга жакшырган.

Рейтингде өлкө позициясы жакшырганына карабастан, Кыргыз Республикасы "Электр тармактарына кошуу", "Келишимдерди аткарууну камсыздоо" жана "Салык" сыяктуу көрсөткүчтөрдү ишти жакшыртууга тийиш.

Буга байланыштуу Дүйнөлүк Банктын “Бизнес жүргүзүү” рейтингинде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча 2019-2020-жылдарга иш-чаралар Планынын долбоору иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий