• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бокс боюнча Азия чемпионаты: Бүгүн төрт спортчу беттешет

Спорт 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Бокс боюнча жаштар арасында өтүп жаткан Азия чемпионатында бүгүн, 21-январда Кыргызстандан төрт спортчу беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча комитетинен билдиришти.

Мелдеш Таиланддын Бангкок шаарында 18-январда башталган. 63,5 кг салмак категориясында Аскат Култаев Филипиндин мушкери менен беттешет. 71 кг салмакта Нурадин Рустамбек уулу Шри-Ланканын спортчусу менен кез келет. 75 кг салмак даражасында Даниел Абдрахманов жана 80 кг салмакта Бекбол Мурасбеков экөө тең Казакстандын мушкерлери менен күч сынашат.

Кыргызстандык спортчулар Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө чыгышат.

Пикир

Оставить комментарий