• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго министрлер кабинетинин Ардак грамотасы тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн бокс боюнча эл аралык турнирдин ачылышына катышты.

Куттуктоо сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы мындай спорттук иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Спорт ден-соолукту гана чыңдабастан, акыл-эсти жана интеллектуалдык жөндөмдөрдү өнүктүрөт. Спорт – бул жашоо. Жашоо – бул кыймыл. Мындай мелдештер биздин кийинки чемпиондор үчүн мыкты дем берүүчү стимул болуп саналат. Бул көптөгөн таланттуу жаштарга бокс боюнча жөндөм-шыгын арттырууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетүүчү нерсе, иш-чарага Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча учурдагы дүйнө чемпиону, Кыргыз Республикасында туулган Дмитрий Бивол ардактуу конок катары катышкан.

Акылбек Жапаров чемпионго дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн министрлер кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий