• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов: Эгер уранды казуу боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүзгөн болсо "ЮрАзия" компаниясы жооп берет

Аймак 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. "ЮрАзия" компаниясына чалгындоо иштерине гана уруксат берилген. Эгер кенди казуу иштерин жасаган болсо алар мыйзам боюнча жооп берет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, лицензия чалгындоого гана берилгени менен ал жерде уран казуу иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү тургундар ташуу үчүн тийиштүү талаптарды аткарбай эле 10 бочка уран рудасын ташып бара жаткан унааны кармап калышкан. Кооптуу заттарды ташууда өзүнүн талаптары бар, бирок алар аны аткарган эмес.

Боронов казып алуу иштерине уруксат берилбегенин айтып өттү.

"Эгер комиссия, компания бир эле чалгындоо эмес казуу иштерин да жүргүзгөнүн аныктаса алар мыйзам боюнча жооп беришет. Биз комиссиянын тыянагын күтүп жатабыз", - деди ал.

Биринчи вице-премьер, комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын белгиледи. Учурда комиссия иштеп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн Боронов Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол уран кенине барган. Анда ал учурда элдин талабы менен кендеги чалгындоо иштери токтотулганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий