• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чаткал районунда кар көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 04.01.23 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-январда саат 22:27 чамасында Ала-Бука - Жаңы- Базар - Кировка унаа жолунун 99-100-чакырымында 700 куб метр, 96-чакырымында 250 куб метр жана 91-92-чакырымында 550 куб метр кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылган.

Кар көчкүнү тазалоо үчүн жерине 1 жүктөгүч, 3 грейдер, 1 манипулятор унаасы тартылып, саат 03:10до жол толук тазаланган. Ошондой эле жолдо калган 4 жеңил унаа чыгарылган. Жабыркагандар жок.

Ошондой эле кечээ саат 23:30 чамасында Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 4-чакырымында кар көчкү түшкөн, аны тазалоого 1 жүктөгүч, 1 манипулятор тартылды.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий