• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боронов менен Арипов чек ара чыры чыккан жерге барып, чек ара айылдарынын аксакалдары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Чечме" өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын Чечме аймагында кечээ, 31-май күнү болгон окуяны жана чек ара аймактарындагы абалды турукташтыруунун жолдорун талкуулашкан.

"Делегация башчылары жергиликтүү бийлик органдарынын жана тараптардын укук коргоо органдарынын ирээтке келтирилген ишинин натыйжасында окуяны локалдаштырууга мүмкүн болгонун белгилешти. Бул органдарга тыгыз кызматташтыкта чыр-чатактарды болтурбоо максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырышты. 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чек ара аймагында ишеним чаралары боюнча Макулдашуунун жоболоруна ылайык чек арада пайда болуп жаткан маселелерди чечүү, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү макулдашууларына жетишишти", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, делегация башчылары жакынкы аралыкта эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын жана Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумдарын өткөрүүнү макулдашкан.

"Сүйлөшүүлөрдүн соңунда делегация башчылары кечээ күнү окуя болуп өткөн тактала элек "Чечме" тилкесинде болушуп, чек ара айылдарынын аксакалдары менен жолугушту. Жолугушуу конструктивдүү маанайда, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк деминде өттү", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий