• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШК эске салат: Шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар улуттук валютада гана кабыл алынышы керек

Коом 0

Бишкек, 16.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар улуттук валютада гана кабыл алынышы керектигин эске салат.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, “Шайлоо фонддорун түзгөн бардык акча каражаттары банктык же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен саясый партия, талапкер тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна түшүп жаткан каражаттар бир гана улуттук валютада кабыл алынышы керек. Көрсөтүлгөн эсептерге кирешелер кошулуп эсептелбейт жана төлөнбөйт” деп көрсөтүлгөн.

Жогорку берененин 6-бөлүгүндө “Банктык же башка мекемелердин тизмеси, ачуунун тартиби, көрсөтүлгөн эсептерди жүргүзүү, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча отчеттуулугу жана эсеби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан банктык же башка мекемелер менен макулдашуу аркылуу ишке ашырылат” деп көрсөтүлгөн.

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катыша турган саясий партиялар үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлдагы №127-токтому менен “Айыл Банк” ААКсы жана “РСК Банк” ААК шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банктык мекемелер катары аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, “Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана алардын кызматтагы адамдары ушул Конституция жана мыйзамдар аркылуу аныкталган ыйгарым укуктардан чыга алышпайт”.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөгү Жобонун ченемдеринде, саясый партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүүсү үчүн банктык мекемеде мультивалюттук эсепти ачууга БШКнын уруксат берүүсү боюнча ыйгарым укуктары эске алынбайт.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 3-бөлүгүнүн онунчу абзацына ылайык, “Анонимдүү... сый акыларга тыюу салынат (анонимдүү сый акы берүүчү катары төмөнкү маалыматтардын бирин көрсөтпөгөн жаран эсептелет: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттогу маалыматтарын, ошондой эле ал өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды билдирсе).

Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, “Саясий партиянын, талапкердин атайын эсебине каражаттын түшүүсү жана сарпталышы тууралуу маалымат, персоналдуу маалыматтар жана банктын жашыруун сыры жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга жатат. Бул үчүн аны БШКнын расмий сайтында жарыялоо боюнча сый акы төккөн адамдын макулдугун алуу талап кылынат, мындай жагдай “Персоналдуу мүнөздөгү маалыматтар жөнүндөгү”КР мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” КР мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүндө эске алынган.

КР БШКнын көзөмөлдөө-ревизиондук тобуна “РСК Банктын” жана “Айыл Банктын” берген маалыматтары боюнча, Кыргыз Республикасынын убактылуу чет өлкөлөрдө жүргөн же жашаган жарандары тарабынан саясый партиянын шайлоо фонддоруна өз эрки менен сый акы жасоону каалагандарга мыйзам тарабынан эч кандай тоскоолдук жок. Алар банктын транзиттик эсебин акча каражаттарын чет элдик валютада которуу, аларды андан ары конвертациялоо жана саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине улуттук валютада которуу үчүн колдоно алышат. Ошол эле учурда мындай которууну анонимдүү деп эсептебеш үчүн, “төлөмдүн дайындамасында” өз фамилиясын, атын жана атасынын атын, туулган жылын, жашаган жеринин дарегин (каттоосун), ID паспорттун/жалпы жарандык паспорттун сериясын жана номерин, ошондой эле аларды БШКнын сайтында персоналдуу маалыматтарды жана банктык жашыруун сыр жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен, расмий жарыялоого уруксат берген макулдугун көрсөтүү зарыл.

КР БШКнын көзөмөлдөө-ревизиондук тобунун чечими менен, саясий партияларга сый акы бере турган жарандар менен маалыматтык – түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасындагы саясый партиялардын шайлоо фонддорун түзүү боюнча мыйзам талаптары жөнүндө, шайлоо алдындагы кампанияны каржылоонун максаты - шайлоо процессинин финансылык ачык-айкындык принциптерин сактоо экендигин жеткирүү сунуш кылынды.

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлөө боюнча ыйгарым укуктуу банктардын өздөрүнүн расмий сайттарына саясый партиялардын шайлоо фонддоруна сый акы бергиси келген жарандар үчүн маалыматтарды жайгаштыруу, саясый партиялардын атайын эсептерине өз эрки менен акча каражаттарын которуунун процедуралары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү боюнча жана шайлоо процессинин финансылык ачык-айкындык принциптерин сактоо менен иш алып баруу сунуш кылынды.

Пикир

Оставить комментарий