• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК төрагасын III ДКОдон кийин шайлашат. Конгантиев менен Салымбековдун талапкерлиги каралат

Саясат 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) төрагасын үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин шайлашат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Канатбек Музуралиев билдирди.

Анын айтымына караганда, төрагалык кызматка Кубанычбек Конгантиев менен Жумабек Салымбеков талапкерликтерин коюп жатышат.

Музуралиев билдиргендей, шаардык кеңешти башкарууну каалаган депутаттар көп.

Эске сала кетсек, БШКнын төрагасы Алмаз Кененбаев президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий