• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бусурманкул Абдибаит уулу Москвада өткөн турнирде өз атаандашын жеңди

Спорт 0


Бишкек, 23.02.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу M-1 Challenge уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивничти утуп алды.

Кечээ Москвада өткөн M-1 Ghallenge 88 аралаш мушташ турниринин алкагында өз атаандашын жеңип алган. Турнирге Кыргызстандан эки мушкер барган.

Мушташ үч раунддан туруп, жыйынтыгында жеңиш Абдибаит уулу тарапта болгон.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын атынан барган экинчи мушкер Ринат Саякбаев Бразилиялык атаандашы Рубенилтон Перейреден утуп калган. Белгилей кетүүчү жагдай, турнирге Саякбаевдин ордуна Эрлан Улукбеков бармак болчу, бирок ал бутунан жаракат алган.

Видео prosport.kg. порталынан алынды.

Пикир

Оставить комментарий