• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БУУ Тажикстанды калкты таза суу менен камсыздоого үндөдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. БУУнун суу жана санитардык кызматтар боюнча атайын баяндамачысы Лео Хеллер Тажикстан өкмөтүн калкты тез аранын ичинде таза суу менен камсыздоого чакырды.

Ал Тажикстанга 2015-жылы келип, таза суу көйгөйү менен таанышкан. Хеллер өз баяндамасында тажик өкмөтү калкты таза суу менен камсыздап, санитардык жагдайды эл аралык талаптарга шейкеш келтирүү боюнча кошумча чараларды кабыл алышы зарыл деп эсептейт.

Анын айтымында, Тажикстанда шаар менен айыл тургундарынын арасында суу маселеси боюнча айырмачылык өтө чоң. Элетте суу менен камсыздоо системалары абдан эскирген.

БУУнун анализдерине ылайык, суунун сапатынын төмөндүгүнөн, элдин саламаттыгы начарлап, беш жашка чейинки балдардын өлүмүнө алып келүүдө.

Тажикстан калкты таза суу менен камсыздоону жакшыртуу программмасын да кабыл алган. Бирок ага карабай көйгөй чечиле элек

Тажик өкмөтү июль айында калктын 62% таза суу менен камсыз болгонун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий