• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында “WEF 89 GLOBAL-15” турнири болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын борбордук стадионунда “WEF 89 GLOBAL-15” турнири болуп өттү. Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, ЖКнын депутаты Б.Төрөбаев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри С.Турдуев, спортчулар жана шаар тургундары катышкан.

"Спорт аркылуу биз достукту, ынтымакты, бекемдеп өзүбүздүн маданиятыбызды дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп келүүдөбүз. Мамлекетибиздин күчтүү жана бекем болуусу үчүн спортчуларыбызды ар тараптан колдоого жана дем берүүгө ар дайым даярбыз", - деп билдирди Ж.Ормонов.

Турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Азербайжан, Босния, Герцегония, Сербия, Беларуссия, Украина, Словакия мамлекеттеринен 50гө жакын спортчу катышкан.

Спорттук беттеш Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан “EREM” спорт клубунун колдоосу менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий