• 88.68
  • 95
  • 0.95

Даулет Турлыханов: Кыргызстанда күрөш туура нукта өнүгүүдө

Спорт 0

Бишкек, 21.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда күрөш туура нукта өнүгүүдө. Бул тууралуу UWW-Asia президенти Даулет Турлыханов Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

Турлыханов Токио Олимпиадасында, Норвегиядагы дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары ийгилик жаратып, ал азыр дагы уланып жатканын айтты.

"Токио Олимпиадасында күрөштө алтын алгандардын ичинен алтоо азиялык балбандар. Азия өлкөлөрүндө күрөш өнүгүү жолунда. Бишкектеги Азия чемпионатында дагы 17 жашка чейинки кыргыз балбандары мыктылыгын көрсөттү", - деди ал.

Эскерте кетсек, 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты өтүүдө.

Бишкектеги 17 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө биринчи орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий