• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БУУнун баяндамасы: Афганистандагы жарандык согушта каза болгондордун көрсөткүчү жогору бойдон калууда

Дүйнө 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Афганистандагы кагылышуудан каза болгондор менен жарадар болгондордун саны көп болууда деп жазат БУУнун миссиясы.

Такталган маалыматтарга ылайык, 1-январдан 30-июнга чейинки аралыкта 1662 жай тургун кагылышуудан каза тапкан, бул өткөн жылдагы аралыка салыштырмалуу эки эсеге көп деп жазат “Свобода” радиосу БУУнун миссиясына шилтеме берүү менен.

“Афганистандагы жай тургундардын өлүмү, талкаланган аймактар тургундарга көптөгөн кайгы-капаны алып келди жана бул көрсөткүч жогору бойдон сакталууда”,-деп жазылат аталган баяндамада.

Ошондой эле, анда бул мезгилде жарадар болгондордун саны бир пайызга азайганы көрсөтүлгөн. Маселен 3 миң 581 жаран жарадар болгон. Ал эми каза болгон жай тургундардын 40% жакыны мамлекетке каршы тараптардын жардыруучу заттарды колдонуусунан улам болууда.

Пикир

Оставить комментарий