• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Базар-Коргондо үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 17 факты катталды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Базар-Коргон шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Базар-Коргон райондук администрациясынын, райондук милициянын жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору, социалдык педагогдор жана ата-энелер комитеттеринин төрагаларынын катышуусунда кеңешме өткөрүлдү. Анда район аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында биргелишип иштөө зарылдыгы белгиленген.

Кеңешмеден кийин кызматкерлер милициянын көчмө кабылдама унаасында эл менен жолугушууга чыгышты. Анда Базар-Коргон шаарынын жана Арстанбап, Талдуу-Булак, Сейдикум айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууда үй-бүлөлүк чыр-чатактарды болтурбоо, суицид, эрте никеге туруу жана жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2022-жылдын үч ай аралыгында Базар-Коргон районунда 17 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталып, 17 коргоо ордери берилген.

Пикир

Оставить комментарий