• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл дыйкандарга 869 техника лизингге берилди

Экономика 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. 2022-жылы дыйкандарга 2 млрд 549 млн сомго 869 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 8 млрд 852,8 млн сомго 4 миң 645 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилген.

“Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берилүүдө.

Жогорудагы долбоорлордун бардыгына “Айыл Банк” оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

Айыл чарба техникаларын лизингке берүүнүн шарттары:
– лизинг мөөнөтү – 7-10 жыл;
– үстөк пайызы: лизинг алуучунун өз салымынын өлчөмүнө жараша жылдык 6, 7, 9 пайызга барабар;
– күрөө: өз салым 20% жогору болгон учурда лизинг каралат;
– лизинг алуучу тарабынан өз салым 20%кем төлөнсө кошумча күрөө катары мүлк талап кылынат;
– камсыздандыруу техника алуусунун макулдугы менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;
– лизинг операциялары сом менен жүргүзүлөт

Пикир

Оставить комментарий