• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Ош облусунда заманбап 30 мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Быйыл Ош облусунда заманбап 30 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетининтөрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Суу жана Өзгөн районундагы салынып жаткан мектептердин курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Бакыт Төрөбаев мектептин сапатына жана бүткөрүү мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеп, бул иштерди толук бүткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Мындан сырткары, бардык мектептер заманбап салынып жаткандыктан таза суу жана башка кошумча маселелерин кошо чечүү керектиги боюнча тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырма берилди.

Пикир

Оставить комментарий