• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,8 млрд куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 833 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 748 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 448 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий