• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Сарсанаа болууга негиз жок". Президент энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал боюнча суроого жооп берди

Президент 0

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими боюнча суроого жооп берди.

- Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген Жарлыкка кол койдуңуз. Мындай Жарлыкка социалдык тармактарда ар кандай сын-пикирлер айтылууда. Энергетикада абал ошончолук эле кооптуубу, же ошончолук эле каатчылык деңгээлге жеттиби? Бул тармакка өзгөчө кырдаал киргизбей эле, түзүлгөн абалдан чыкса болбойт беле?

- Эч кандай өзгөчө кырдаал түзүлгөн жок. Бул Жарлык менен энергетика тармагында кандай гана маселе жаралбасын министрге ыкчам чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик. Бул эмне максатты көздөйт, мен чечмелеп туура түшүндүрүп берүүгө аракеттенейин. Биринчиден, аталган Жарлык аркылуу Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын 2026-жылга чейин кеңейтип жатабыз. Маселен, энергетика министри өзүнүн компетенциясына кирген маселелер: суу, энергетика, гидроэнергетика жана башка маселелер боюнча бардык координациялоо ролун аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине, тармактык министрликтердин жетекчилеринин орун басарларына эми энергетика министри тапшырма бере алат. Энергетика тармагындагы маселелердин баарын координациялоого шарт түзүп берип атабыз. Маселелердин ыкчам чечилишин камсыздоо үчүн ыйгарым укук берилип атат. Болбосо өзүнүн министрлигинен башка органдарга түз чыга албай, энергетика жаатындагы маселелердин чечилиши бир топ аксап, кечеңдеп калып жатат. Айрым маселелер мекемелер арасында жарым жылдап чечилбей калып турган учурлар бар экен. Ошондуктан мунун баары бул тармактагы көйгөйлөрдү ыкчамдатып чечүүгө багытталууда. Ошентип министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип жатат. Бул эмне үчүн жасалып атат? Анткени, 2026-жылга чейин бир топ кичи ГЭСтердин курулуштары аяктап калат. Ошондо жалпы республика боюнча электр энергиясынын кубаттуулугу артат. Чынында энергияны жылда импорттоо менен биз эчактан бери эле өзгөчө кырдаалда келатабыз. Ошентсе да биз энергияны сырттан импорттоону жылдан жылга азайтып келе жатабыз.

Ооба, быйыл суу аз. Бул эми бир эле Кыргызстанда эмес, жалпы региондогу көрүнүш болуп атат. Ошентсе да биз Кудай буюрса, кыштан аман-эсен жакшы чыгабыз деп турабыз. Себеби ЖЭБди эске алганыбызда жана ошондой эле башка өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыштан көйгөйсүз чыгабыз.

Андыктан, элибиздин электр энергиясы боюнча сарсанаа болуусуна эч негиз жок. Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизди десе эле “кокуй, энергетика тармагы болбой калыптыр, өзгөчө кырдаал түзүлүп калыптыр, кышында абал кыйындайт экен” деп эле ар кандай чагымчыл кептерге алдырбаш керек. Болгону ушундай Жарлык менен Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүдөбүз.

Тилекке каршы, биздин ачык-айрым коомубузда “бийлик эптеп эле бир жеринен жаңылса экен, жыдыса экен” деп, жалаң эле жамандык издеген, өлкөдө ушундай бир каатчылык түзүлсө экен деп күткөн бир ууч топ бар. Бирок, биздин сабаттуу элибиз өкмөттүн ачык-айрым ишин туура, так түшүнүү менен кабыл алып жатат.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий