• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Былтыр Кыргызстанда 49,4 миң жуп баш кошкон

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Былтыр Кыргызстанда 49,4 миң жуп баш кошкон (Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никеге тургандар). Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Алардын ичинен эркектердин 90%ы жана аял кишилердин 94%ы алгачкы ирет турмуш курушкан.

Статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда жарандардын көбү (ЖААК органдарында каттоого алынган никелердин 70%ы) 20-29 жаш куракта турмуш курушат. Былтыр үйлөнгөн эркектердин орточо жаш курагы 28,4 жаш, кыздардыкы 24,3 жаш болгон. Ал эми алгачкы ирет үй-бүлө курган эркектердин орточо жаш курагы 27,2 жашты, кыздардыкы 23,6 жашты түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий