• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

CASA-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу 2020-жылдын апрель айында башталат

Экономика 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. CASA-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу 2020-жылдын апрель айында башталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын долбоорлорду өнүктүрүү боюнча аткаруучу директору Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Ал белгилегендей, 5-декабрь күнү CASA-1000 долбоорунун жергиликтүү коомчулуктарын каржылоо тууралуу насыя макулдашуусу ратификацияланган.

"Долбоорду ишке ашыруу үчүн "Датка" (Кыргызстан) көмөк чордонунан "Сугд" (Тажикстан) көмөк чордонуна чейин узундугу 477 чакырым 500 кВ электр линияларын курууга туура келет. Алардын 450 чакырым Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт", - деди ал.

"125 чакырымы Ислам өнүктүрүү банкы жана 25 чакырымы Дүйнөлүк банк тарабынан 45 млн долларга жана Европа инвестициялык банкы тарабынан калган бөлүгү 75 млн еврого каржыланат", - деди ал.

Түмөнбаевдин айтымында, бул долбоорду ишке ашырууда ар бир мамлекеттин өзүнүн маселелери чыгууда. Учурда Кыргызстан графикке ылайык иш алып барууда. Бүгүнкү күнү негизги документтер боюнча иштер аяктап жатат – айлан-чөйрөнү коргоо, электр линиялары өтө турган жерде турган элди көчүрүү боюнча иш-аракеттер планы.

Кыргызстан боюнча долбоорду аткаруучу компания катары "Mintal Energy and Metal Construction" түркиялык компаниясы тандалып алынган.

Белгилей кетсек, CASA-1000 долбооруна 4 мамлекет кирет: Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистан. Долбоор ишке ашкандан кийин Кыргызстан менен Тажикстан Афганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттой баштайт. Долбоордун жалпы наркы 1 млрд доллардан ашат. Анын ичинен Кыргызстанга 233 млн доллар, Тажикстанга 314 млн доллар, Афганстанга 354 млн доллар, Пакистанга 209 млн доллар туура келет.

Пикир

Оставить комментарий