• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй айылында компьютердик клуб тонолгон. 18 жаштагы бала шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Чүй айылындагы компьютердик клубдан акча уурдоого шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен К.А. аттуу жаран кайрылган, анда ал 2020-жылы 8-декабрда Чүй айылында жайгашкан компьютердик клубдун кассасынан 46 миң 800 сом суммасындагы акчасын уурдап кеткендигин билдирип, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Чүй РИИБнин КЖБР катталып КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысы менен сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү алкагында, Чүй РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип 18 жаштагы О.Н. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалган. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий