• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда 300 адам обсервацияда жатат – Намазалиев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Чүй облусунда 300 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев билдирди.

"Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 5 адам, Ивановка ооруканасында 39 адам, Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы "Ручеек" бала бакчасында 18 адам, Ивановка айылындагы медреседе 35 адам, Панфилов райондук жалпы медициналык практика борборунда 17 адам, Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы аскер госпиталында 85 адам жана Аламүдүн районунун №73809 Ала-Тоо аскер-окуу борборунда 101 адам болууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-майга карата коронавирус жуктурган 27 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243тү түзөт. Алардын ичинен 898 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий