• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун аймагына чакан суу сактагычтар курулат. Жакында ири каражат бөлүнөт

Өкмөт 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Айыл чарба министри жана тиешелүү кызматкерлердин катышуусунда Чүй облусундагы сугат суу маселесин чечүүгө байланышкан жыйын өткөрдү.

Отурумда Чүй облусунун аймагына суу кампаларды куруу маселеси каралды. Атап айтканда, суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) кыска убакыттын ичинде куруу.

Маалым болгондой Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат. Бул багытта министрлер кабинети жакын арада ири каражат бөлөөрү күтүлүүдө.

Адистердин белгилөөсүндө маселен сегиз райондон турган Чүй облусунда кайрак жана сугат жеринин жалпы аянты 417,0 миң гектарды түзөт. Анын ичинен сугат жери деп эсептелген 323,3 миң гектардын 30%на агын сууну жеткирүүдө маселе жаралууда.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров дыйкандарды толук кандуу сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригация маселелерин чечүүгө байланышкан тиешелүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий