• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

Коом 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган жаңы судьялар ант беришти. Бул тууралууЖогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайкы, Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна Чынара Саадабаева, Гүлзат Усакпаева, Чүй облусунун Москва райондук сотуна Кубатбек Дубанаев, Чүй облусунун Панфилов райондук сотуна Жылдыз Сайдылдаева, Сокулук райондук сотуна Манасбек Кулмурзаев, Нурмат Самаков, Токмок шаардык сотуна Урматбек Абдырахманов, Чүй райондук сотуна Алтынай Шаршеева, Ысык-Ата райондук сотуна Нурбек Тажибаев жөнөтүлгөн.

"Жогорку соттун төрайымынын орун басары К. Бокоев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антына бек турууга чакырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий