• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө 5-класстын окуучусу асынып алды

Кырсык 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Чүйдө 11 жаштагы окуучу асынып алды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында болжол менен саат 17:03тө Чүй районунун ИИБине жаш өспүрүм үйүндөгү сарайдын ичинде асынып алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, 2008-жылы туулган К.Н. аттуу окуучу бала асынып алгандыгын аныкташкан. Ал Чүй районунун айылдарынын биринде 5-класста окугандыгы маалым болду.

"Анын мойнунда жиптин изинен башка жаракаттар аныкталган эмес. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий