• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдүн Интернационал айылындагы спорткомплексинин курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Интернационал айылындагы спорткомлексинин курулушу аяктады. Бул тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинен билдиришти.

Жалпы аянты 540,5 чарчы метрди түзгөн объект 2019-жылы курула баштаган, толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Долбоорго ылайык, спорткомплекстин биринчи кабатында чечинүүчү бөлмөлөр, душ кабиналары, физруктун кеңсеси жайгашкан. Ошондой эле экинчи кабатында спорттук зал, күрөш залы каралган.

Объекттин наркы 26 млн 672 миң 200 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий