• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ч.Турсунбеков РФнын сүрөт академиясына С.Чокморовдун бюстун белекке берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26-март /Кабар/. Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊеш делегациясы Санкт-Петербург шаарындагы иш сапардын алкагында И.Е.Репин атындагы Россия Федерациясынын сүрөт академиясында болуп, маданий мекемеге СССРдин эл сүрөтчүсү, белгилүү кыргыз актеру Сүймөнкул Чокморовдун бюстун тапшырды. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин басма сөз кызматы билдирди.

Дүйнөлүк маданий цивилизациянын борбору болгон Санкт-Петербург шаарына улуу сүрөтчүнүн бюстун тапшыруу жалпы кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу жаӊылык деген Төрага Чыныбай Турсунбеков алгач Россия элин маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктап: "Иш чаранын ушул даталуу күнгө туш келип жатышы да жакшы жышаан. Анткени биз бүгүн кыргыз маданият тарыхында аты алтын тамгалар менен жазылып калган кайталангыс талант Сүймөнкул Чокморовду дагы бир жолу сыймыктануу менен эскерип жатабыз. Ал алгачкы билимди Фрунзеден алып, кийин ушул И.Репин атындагы сүрөт иститутунда талантын такшалткан. Андыктан, Сүймөнкул Чокморовдун бюстун өзү окуган мекемеге коюу баарыбыздын тарыхый милдетибиз эле" - деди.

Ошондой эле, мыкты талантты таптаган СССРдин эл сүрөтчүсү Е.Е.Моисеенко, С.А.Чуйков сындуу академиянын залкар окутуучулары экенин эске салган Чыныбай Турсунбеков: "Сүймөнкул Чокморов натюрморт, пейзаж, айрыкча портреттерди тартууга абдан дилгер болгон. Ал жалпысынан 400дөй живопистик эмгектерди, бир катар чет өлкөлүк маданий ишмерлердин портреттерин тарткан. Алсак, италиянын киноактрисасы Моники Витти баштаган, көптөгөн Япониядагы Кабуки театрынын актерлорунун портреттери сакталып келет", - деп билдирди.

Андан тышкары, Төрага улуу инсандын "кыргыз киносунун кереметтерин" жаратууга да чоӊ салым кошкондугун эскерип: "27 жашында башталган актерлук карьерасы өзүн чебер талант катары гана таанытпастан, кыргыз элинин жүзүн, жалпы көп улутту Совет элинин кино өнөрүн дүйнөгө тааныткан" - деп кошумчалады.

Иш-чарага улуу таланттын бир тууган агасы Сүйөркул Чокморов, Сүймөнкул Чокморов атындагы фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов да катышты. Аземдин алкагында КМШ Парламенттик Ассамблеясынын маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча комиссиясына таандык уюмга мүчө мамлекеттердин искусствосу жана маданиятын чагылдырган маалыматтык-аналитикалык журналы Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековго редакциялык коллегиянын ардактуу мүчөсү наамын ыйгарышты.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациясынын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозовалар бар.

Пикир

Оставить комментарий