• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чамдаңыз! Бүгүн унаа, эртең турак-жай жана жер салыктарын төлөөнүн акыркы күнү

Экономика 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда, унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан тышкары, эртең, 2-сентябрда, турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жетише элек жарандарды төлөө мөөнөттөрү аяктаганга чейин салыктарды төлөөгө чакырат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот. Кененирээк маалыматты 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий