• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 1 миң 797 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 797 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 543 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 254 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 681 миң 78 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 445 миң 231 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий