• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 228 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 25-апрелге карата коронавирус дагы 228 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 149, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 186 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 113, Чүй облусунда – 41, Ош облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 8, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 7, Талас облусунда – 5 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 441 бейтап, амбулатордук түрдө 1 768 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1013 бейтаптын абалы орто оордукта, 354 адамдын абалы оор жана 63 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 400 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 310 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 93 миң 831 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 6 киши айыгып чыкса, 1 миң 582 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий