• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткалда жаандын кесепетинен 74 турак үйдүн короосуна суу толду

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Чаткалда жаандын кесепетинен 74 турак үйдүн короосуна суу толду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-март күнү саат 11:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам кокту-колоттон чогулган суулар Жаңы-Базар, Курулуш, Кара-Ой айылдарындагы 74 турак үйдүн короолорун каптап, анын ичинен 1 турак үйгө суу кирип, 11 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралган.

Аталган жайга Чаткал райондук №81 ӨКБдан 5 куткаруучу жана жарандык коргоону кызматтарынан 74 адам тартылып, суулардын нугу бурулуп, мотопомпанын жардамы менен корого толгон суулар сордурулган.

Пикир

Оставить комментарий