• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Жабырлануучуларга жалпы 469 адам кан тапшырды

Ден соолук 0

Бишкек, 03.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан жабыркагандарга 469 адам кан тапшырды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, 30-апрелден 2-майга чейин Баткенде жабырлануучуларга кан тапшыруу максатында 652 жаран кайрылган.

“Алардын ичинен 469у кан тапшырышкан”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 34ү набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган жана күйгөн.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Пикир

Оставить комментарий