• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жарандар кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрь күнү "Достук-унаа жолу" көзөмөл өткөрмө пунктунда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматын белгилешкендей, алар паспорт көзөмөлүнөн тышкары өтүп кетүүгө аракет кылышкан.

Суракта белгилүү болгондой, Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын аймагында жүрүү мөөнөтүн бузуп (мөөнөтүн ашырып жиберген), чыгыш визасы жок өткөрмө пункттан өтүп кетүүгө аракет жасашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин алар КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий