• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чэн Шуэн, инженер: “Тоо-кен тармагындагы заманбап жанааа коопсуз технологиясы КРде биринчи жолу колдонулат”

Аналитика 0

-Чындыгында, кайсы гана жердин концентраттарын иштетүүдө болбосун, айлана-чөйрөнү коргоп, жергиликтүү элдин ден соолугуна зыян алып келбөө биздин компаниянын башкы максаты,- деп билдирди “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКсынын башкы инженери Чэн Шуэн.

Технология жөнүндө

-Биздин учурда колдоно турган технология төмөнкү температурадагы алдын ала кычкылдатып ысытуутехнологиясы болмокчу. Бул технология, бардыгыбызга белгилүү күйгүзүү (бышыруу) технологиясына караганда алда канча өнүккөн, жаңычыл жана заманбап технологиясы деп айтсам эч жаңылышпайм. Мисалы, иштетиле турган кенде, концентратта эң маанилүүсү анын температурасы жагынан болгон өзгөчөлөлүгү. Мурдагы күйгүзүү технологиясы 600-700 градустан жогорку температурада ишке ашып аткарылып келсе, ал эми, төмөнкү температурадагы кычкылдануу технологиясы 400 градуска чейин гана ысытылат. Мына биз колдоно турган технологиянын артыкчылыгы дал ушунда.

400 градуска чейин ысытууда уулуу заттар сыртка чыкпайт, абага тарабайт, андан сырткары фильтрлөө этабы дагы каралган. Биздин компания төмөнкү температурадагы кычкылдануу технологиясын Кыргызстанга алгачкылардан болуп алып келип жатат. Төмөнкү температурадагы кычкылдануу технологиясы азыркы тапта дагы Кытайдын тоо-кен тармагындагы жаңычыл багыт, заманбап технология болуп эсептелет. Ошондуктан, ушундай технологиянын Кыргызстанга келиши, колдонулушу дагы жакшы бир жетишкендик десек болот.

Бул жерден басым жасап айта кетчү биздин артыкчылыктарыбыздын бири - бул биз концентратты иштетүүдө цианидди колдонбойбуз. Биздин реагентибиз уусуз реагент.

Ал эми алтынды ылгап алууда колдонулган техникалык жабдыктар тууралуу айта турган болсок, бардыгы кенди иштетүүдө экологияга терс таасирин тийгизбөө талаптарына жооп берет. Мисалы,ал жакта колдонулган суу сыртка чыгарылбайт. Суу кирдегенден кийин, аны бир нече жолу тазалоо жолдору каралган. Суу тазаланган соң, кайрадан эле кенди иштетүү процессине колдонула бермекчи. Ошондо биздин технологияда кир суу тышка чыгарылбайт, экологияга терс таасирин тийгизбейт деп ишенимдүү түрдө айтып кетсем болот.

Компаниянын “Айлана чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү” долбоору ийгиликтүү болду

Виталий Борцов: “Consalt kg” компаниясынын аткаруучу директору: “Өндүрүш иштеринде цианид колдонулбайт”

-Биздин компания, алтын ылгоо өндүрүшүндөгү “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКнын Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү иштери менен алектенген. Башкача айтканда, “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын өндүрүш иштериндеги экологияга тийгизген таасирине баа берүү үчүн ушул багытта изилдөө иштерин жүргүзгөнбүз.

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, тоо-кен тармагында өндүрүш ишин жүргүзүүнү каалаган компания милдеттүү түрдө “Айлана чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү” иш-кагаздарын толтуруусу, аткаруусу шарт. Ошондуктан, ушул ишти аткаруу үчүн компаниянын жетекчилиги бизге кайрылышкан. Биздин адистер фабрика курулуп жаткан, өндүрүш жерине чейин барып керектүү изилдөөлөрдү жүргүзүп келишкен. Мына ошол чалгындоо иштеринин жыйынтыгынын жана компания тарабынан берилген документтердин негизинде биз “айлана-чөйрөнү коргоо” бөлүмүн даярдап чыктык. Тактап айтканда, компаниянын экологияны коргоо боюнча отчетун даярдадык.

Бул отчетто фабриканын жайгашкан жериндеги айлана-чөйрөнүн учурдагы абалы, өндүрүш иштеринде колдонула турган технологиянын табиятка тийгизген таасирине баа берүү жана объектти колдоно баштаганда анын жаратылышка тийгизе турган таасири тууралуу маалыматтар камтылган.

Ал эми, кенди өндүрүү технологиясына келсек, бул тоо-кен тармагындагы акыркы технологиялардын бири. Иштин жүрүшүндө цианид колдонулбайт.

Бул фабрика эксплуатацияга берилгенден баштап, анын айлана-чөйрөгө болгон таасири фабриканын аймагында гана кандайдыр бир деңгээлде билинет. Бул аймактан тышкары чыкпайт, бардыгыбыз билгендей 30 жылдан бери бул территория Макмал алтын комбинатынын дагы өндүрүш аймагы болуп саналат. Ошондуктан, бул жагынан кам саноонун кереги жок. Аймак буга чейин деле, өндүрүш участогу болуп келген.

Бул жерден басым жасап айта кетчү нерсе, эгерде компания технологиянын бардык талаптарына жана биз тараптан бекитилген экологияны коргоо шарттарына толугу менен жооп берсе,анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири эң төмөнкү деңгээлде болмокчу. Ошондуктан бардык тарап алдыга коюлган жоопкерчиликтерин аткарып, эрежелерди так сактоого милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий