• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөдө жүргөн 2 миңге жакын кыргызстандык айдоочулук күбөлүгүн алмаштырган

Коом 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Чет өлкөлөрдө жүргөн 2 миңге жакын кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-августуна карата Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөн 2306 жаран айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу маселеси боюнча дипломатиялык мекемелерге кайрылып, алардын ичинен 1881 жаранга айдоочулук күбөлүк берилди.

"Айдоочулук күбөлүгүн калыбына келтирүүгө же алмаштырууга ниеттенген КРнын бардык жарандары жашаган жери боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылса болот", - деп айтылат маалыматта.

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык жеке номерин;

- белгилеген форма боюнча арызды (ошол жерде толтурулат);

- КР жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карт) же 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карт) же болбосо жалпы жарандык паспортун - Кыргызстандын аймагынан сырткары жүргөн же барган КР жарандары үчүн;

- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти;

- улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт);

- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү;

- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасын.

6- жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаган учурда, Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемеси аларды маалыматтык базасына киргизүү боюнча тийиштүү процедураларды өз алдынча жүргүзөт.

Муну менен бирге маалымат иретинде билдиребиз: бардык салыктарды жана банктардын комиссияларын эсепке алганда, айдоочулук күбөлүктүн наркы дээрлик 561 сомду түзөт, буга байланыштуу алдамчылардын кылыктарын жокко чыгаруу максатында, "Унаа" мамлекеттик мекемеси жарандардан суранат: айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча өз тейлөөлөрүн сунуштаган бейтааныш адамдарга кайрылбай, түздөн-түз дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылып, расмий жол менен айдоочулук күбөлүктөргө ээ болуңуз.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 17-январынан тартып КРнын чет өлкөдөгү мекемелеринде КР улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасы башталган.

Пикир

Оставить комментарий