• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Чоң Казат” саясий партиясынын программасы

Шайлоо 2020 0


Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. “Чоң Казат” саясий партиясынын программасы.

1. УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯНЫН КАЙРА ЖАРАЛУУСУ
УЛУТТУК БИР ТИПТҮҮЛҮКТҮ САКТОО МЕНЕН, ТИЛДИ, МАДАНИЯТТЫ, ЖАНА САЛТТЫ АЗЫРКЫ МЕЗГИЛГЕ ЫЛАЙЫК АЛЫП ЖҮРҮҮ.


Улуттук идеологиянын өзөгү- Манас эпосу азыркы мезгилдин талабы менен толукталуусу.

Кайра Жаралуунун улуу иштери- Рухий көтөрүлүүсүз ишке ашпайт.

2. БАРДЫК БИЙЛИК БУТАКТАРЫН ЛЮСТРАЦИЯЛОО (Тазалоо)

Биз люстрация жөнүндө мыйзамды киргизүүнү сунуш кылабыз,

ага ылайык, кызматкерге:
- саясий кызматтарды;
- мамлекеттик кызматтарды;
- муниципалдык кызматтарды;
- окуу жайларда окутуучулук кызматтарды аркалоого;
- массалык басма сөз каражаттарында кызматкер болууга,

10 жылдык мөөнөткө тыюу салынат, эгер кызматкер:

  • жарандардын Конституциялык укугун чектетсе;
  • бийликти мыйзамсыз ээлеп турууга жол берсе;
  • улуттук коопсуздукка коркунуч келтирсе;
  • улут аралык жаңжалды козутса;
  • шайлоонун жыйынтыгын бурмаласа;
  • жарандарга мыйзамсыз өкүм чыгарса;
  • жарандарга карата мыйзамсыз ыкчам иликтөө иштерин жүргүзсө.
  • уюшулган коррупциялык системага жардамдашса;
  • мыйзамсыз байыса;
  • массалык басма сөз каражаттарына цензура коюп-чектесе;
  • мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген Эл аралык келишимдерди ратификациялоого добуш берсе.

3. МЫЙЗАМСЫЗ ЭЭЛИК КЫЛЫНГАН МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ - КОНФИСКАЦИЯЛОО

Биз мыйзамсыз ээленип алынган мамлекеттик мүлктү ээлеп алууга жана пайдаланууга тыйуу салууну сунуштайбыз. Бул маселе ошол мүлктү бекер же аз эле баага алып калган адамдардын конфискациялоо жолу менен чечилет. Ал иштер жарандардын арызы же массалык мааалымат каражаттарындагы билдирүүлөр жана декларация толтурууну талап кылуунун негизинде ишке ашырылат.

  • саясатчы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер мыйзамсыз менчиктештирип алуусу;
  • үчүнчү жактар жана мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлердин жардамы менен мыйзамсыз мамлекеттик мүлктөрдү ээлеп алса;
  • юридикалык уюмдардын мыйзамсыз мамлекеттик мүлктү ээлеп алуусу.

4. КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА

Конституциялык реформанын негизги максаты чыныгы Элдик бийликти орнотуу жана анын жолдору.

  • Мамлекеттин жана Өкмөттүн башында – Президент турат.
  • Бардык бийлик бутактарынын үстүнөң Элдик Курултай көзөмөл жүргүзөт.
  • Ал Курултай эч бир бийлик бутактарына кирбейт, бирок ал бардык бийлик бутактарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзүп, Конституциянын гаранты болуу менен бирге бардык бийлик бутактарына теңдеш салмакты кармап турат. Элдик Курултай элдик делегаттардан куралат жана ал бардык бийлик бутактарынын жана көзөмөл органдарынын отчетун эки жылда бир жолу - угат жана карайт.
  • Элдик Курултай тарабынан отчету жактырылбаса, анда Президент өз кызматынан кетет жана жаңы шайлоо жарыяланат. Президенттин кызматынан чегинүү шарты Конституциялык Сот аркылуу жүргүзүлөт.
  • Жогорку Кеңеш 70 депуттан туруп,Шайлоо Кодексинин шартында шайланат
  • Башкы Прокурор, Эсеп палатасынын башчысы, Борбордук Шайлоо Комитетинин жетекчиси жана Мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын Байкоочу Кеңештери да Курултайда шайланат.

5. ЭКОНОМИКАЛЫК СТРАТЕГИЯ КАЙРА КАРАЛЫП ЧЫГАТ
Анын максаты олигархтардын эмес - жалпы Кыргыз элинин бакубат жашоосу болуп эсептелинет жана олгархиялык багыттан социалдык багытка бурулуу. Биз Кыргызстандын бар байлыгын, финансылык ресурстарын элдин кызыкчылыгына пайдаланууну калыптандырабыз.

6. ТЕРРИТОРИЯЛЫК БҮТҮНДҮК ЖАНА КОРГОНУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТҮ КАМСЫЗДОО
Куралдуу күчтөрдүң жогорку деңгээлде болуусун камсыздоо жана аскер кызматы жана укук кооргоо органдарынын тазалыгын жана билимин өркүндөтүү.

7. ЭКОЛОГИЯНЫ КОРГОО ЖАНА АЯР МАМИЛЕНИ КАЛЫПТАНДЫРУУ
Таза аба, бийик мөңгүлордү жана жаратылыш байлыктарын сактоо, шаар жерлеринде таштандыларды зыянсыздандырууну камсыз кылуу.

ПРОГРАММА ТЕЗИСТЕРИ:

1. Улуттук идеологиянын кайра жаралуусу
2. Бардык бийлик бутактарын люстрациялоо (тазалоо)
3. Мыйзамсыз ээлик кылынган мамлекеттик мүлктү - конфискациялоо
4. Конституциялык реформа
5. Экономикалык стратегия кайра каралып чыгат
6. Территориялык бүтүндүк жана коргонуу жөндөмдүүлүктү камсыздоо
7. Экологияны коргоо жана аяр мамилени калыптандыруу.

Материал "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий