• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйыны өтөт

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 8-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кезектеги жыйыны болуп өтөт. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган кеңешмеге Азербейжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын ИИМнин делегациялары, андан сырткары, КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун жана КМШнын Терроризмге каршы борборунун өкүлдөрү катышат.

Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамалекеттер аралык программалардын аткарылышы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алуу маселелери каралат.

Пикир

Оставить комментарий