• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. 735 бейтап ооруканаларда дарыланууда, 24 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 735 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Алардын ичинен 110 бейтаптын абалы оор − 24 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 573 адамдын абалы орточо оор, 52 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деди ал.

Ошондой эле оорунун белгилери жок 2 миң 930 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-июлга карата коронавирус жуктурган 526 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ди түзөт. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий