• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Апрель айында пенсия менен жөлөкпулдар эрте таратылат

COVID - 19 0


Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Апрель айында пенсия менен жөлөкпулдар эрте таратылат. Бул тууралуу Мамлекеттик катто кызматынын алдындагы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде республика боюнча почта байланыш бөлүмдөрү ачылат.

"Почтальондор ошол эле күнү пенсиялар менен жөлөкпулдарды алуучуларга жеткире баштайт. COVID-19 алдын алуу жана болтурбоо максатында бардык унаалар жана имараттар дезинфекцияланды, почтальондорго атайын кийимдер, көп жолу колдонулуучу беткаптар, колкаптар жана антисептиктер берилген. МКК алдындагы “Кыргыз почтасы” ишканасы жарандарды үйдө калууга чакырат, почтальондор ар бир алуучуга соцтөлөмдөрдү үймө-үймө жеткиришет. Зарыл болсо, алар дем алыш күндөрү да иштөөгө даяр", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, почта кызматы ошондой эле дары-дармектерди жана азык-түлүктөрдү жеткирүү кызматтарын да көрсөтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий