• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында азык-түлүк түрүндө 2,5 миң жаранга жардам көрсөтүлдү - Турдуев

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Ош шаарында азык-түлүк түрүндө 2,5 миң жаранга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Саипжан Турдуев билдирди.

Анын айтымында, шаарда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 4 миң 734тү түзөт. "4 миң 734 үй-бүлөнүн ичинен 1-категориядагылардын саны (өтө муктаж) 313, ал эми жарым-орто үй-бүлөлөрдүн саны 774тү түзөт. Бүгүнкү күндө 4 млн сомдук жардам көрсөтүлдү. Алар 40 тонна ун, 1 тонна макарон, 1,8 тонна өсүмдүк майы, 500 кг күрүч жана башка азыктар берилген", - дейт ал.

Турдуев кошумчалагандай, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр каттоосу жок болсо да жардам ала алат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 130га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыккан жана 61 жаштагы бейтап каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек

Пикир

Оставить комментарий