• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада дээрлик 12 миң адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 979 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 54 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 925 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 8 миң 607 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 782 миң 193 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий