• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Кыргызстанда канча вакцина калды жана жаңы партиясы качан келет? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. “Кабар” маалымат агенттигине Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова өлкөдө коронавируска каршы канча вакцина калганын айтып берди.

Анын айтымында, учурда россиялык “Спутник V” вакцинасынын биринчи компонентинен 20 миң, экинчи компонентинен 40 миң доза кору бар.

“Россиялык вакцинанын келишин күтүп жатабыз. Азырынча вакцинанын канча дозасы келерин айтпай турайын. Бирок жакын арада келиши керек”, - дейт ал.

Ишенапысова ошондой эле Кыргызстанга келе турган кытайлык Sinopharm вакцинасы тууралуу сөз кылды.

“ЮНИСЕФтин жардамы менен ишке ашырылат. Алар жеткирүү иштерине жардам көрсөтөт. Азыр акыркы иштер аткарылууда. Жакында акыркы катты жибердик”, - деп белгиледи директор.

Пикир

Оставить комментарий