• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 151 адам коронавируска кабылып, 112си айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус дагы 151 адамдан жаңы табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 74, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 47, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 112 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 60, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 35, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 766 бейтап, амбулатордук түрдө 849 адам дарыланууда. 562 бейтаптын абалы орто оордукта, 169 адамдын абалы оор жана 28 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 298 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 223 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 811 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 719 киши айыгып чыкса, 1 миң 516 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий