• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанга Pfizer вакцинасы изилдөөгө жиберилди. Аны -70 градуста сактоого шарт жок

COVID - 19 0

Бишкек, 12.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүнкү күндө дүйнөдө 200дөн ашык коронавируска каршы вакцина бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун мутацияга кабылган штаммы (түрү) Англия жана Улуу Британияда катталган. Дүйнөнүн 41 өлкөсүндө мутация болгон вирус аныкталды.

"Эмдөө багытында Саламаттык сактоо министрлигинин алдында бир нече иш топтор түзүлгөн. Алар вакцина боюнча маалымат топтоп, анализдеп, чечим кабыл алуу үчүн иш алып барууда. Дүйнөдө 200дөн ашык вакцина бар. Анын ичинен 60ка жакыны клиникалык изилдөөдөн өттү. 150сү клиникага чейинки изилдөөлөр жүрүүдө. Эл аралык донордук уюмдар тарабынан "Ковакс" программасы иштелип чыкты. Аталган программанын алкагында кечээ 8 вакцина аталып, бирөөсүн Кыргызстанга тандап алгыла деди. Кечээ бизге Pfizer вакцинасын карап көргүлө деп жиберди. Кыргызстанга келгенде эмдөө үчүн коюлган талаптарды аткара алсак, келишимге кол коебуз. Pfizer вакцинасын -70 градуста сактоо керек. Бизде ага шарт жок. Буга чейин Кыргызстанда +2, +4 градуста сактоого боло турган вакциналар колдонулган. Башка түрлөрү келсе, аларды дагы карайбыз", - дейт ал.

Үсөнбаев Россияда эки вакцина каттоодон өткөнүн айтып, алар дагы караларын белгиледи.

Белгилей кетсек, кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө вакцинанын өзү эмес, анын документи келгенин тактаган.

Пикир

Оставить комментарий