• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19: Бишкектин Ленин районунун тургундары эмдөөдөн өтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Ленин райондук администрациясы тургундарды COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү улантууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин райондук администрациясы БҮМБ менен биргеликте Чоң-Арык айылынын тургундары үчүн көчмө эмдөө тобун уюштурган, анда 40тан ашык адам эмделди.

Дарыгерлер коронавируска каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

Бул багыттагы иштер уланууда.

Бишкек мэриясы жарандардан санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактап, беткап кийүүнү, аралыкты сактоону, антисептик колдонууну жана имараттын ичин желдетүүнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий