• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 235 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 235 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стационарда 1 миң 325 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 450 адам дарыланууда.

Белгилей кетсек, 7-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 298 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 97ни түзөт. Алардын ичинен 43 миң 798 киши айыгып чыкты, 1 миң 69 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий