• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Ош облусунда эпидемиологиялык абал курч экени айтылды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясынын алдын алуу боюнча Ош облустук штабынын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Ош облустук COVID-19 оорусун алдын алуу боюнча Ош облустук штабынын мүчөлөрү, Райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басарлары жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коронавирус илдети көбөйүп жаткандыгын жана облустагы эпидемиологиялык абал курч экени айтылды.

Учурда Ош облусунда 118 адам стационарларда дарылап жатат. COVID-19 көбөйгөнүнө байланыштуу Ноокат, Алай жана Араван райондорунда "кызыл зоналар" ачылды. Ош облусунун аймагында бейтаптар үчүн 663 орундук даярдалган.

Облус аймагында COVID-19 илдети менен күрөшүүгө дары-дармек, медицина кызматкерлери үчүн коргонуучу каражаттар жетиштүү.

Штабдын отурумунда Ош облусундагы бардык райондордо санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Мындан сырткары, Ош облустук жарандык коргонуу штабынын төрагасына азыркы кырдаал тууралуу маалымат берилди.

Бактыбек Алайчиев коронавирустун алдын алуу үчүн коомдук жайларда, базарларда жана адам көп жайгашкан аймактарда санитардык нормаларды сактоо, жарандарга беткап тагуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин тапшырды. Ошондой эле ар бир райондук штаб эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечимдерди кабыл алууну тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-июнга карата Ош облусунда коронавирус жуккан жаңы 32 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий